• Tidak ada hasil yang ditemukan

Санариптик экономика: таасири жана өзгөчөлүктөрү Мейманбү Жолдошевна Акжолова

Dalam dokumen "Membership in the WTO: (Halaman 167-171)

Aizada I. Zinullina Master of Economics

1.7. Санариптик экономика: таасири жана өзгөчөлүктөрү Мейманбү Жолдошевна Акжолова

1.7. Санариптик экономика: таасири жана өзгөчөлүктөрү

тармактары менен катар санарип экономикасынын ылдам өнүгүүсү электрондук сооданын негизин түзгөн байланыш, соода логистикалары, интернет-коопсуздугу, төлөм чечимдери сыяктуу маселелеринин укуктук базаны жөнгө салуу милдеттери турат. [1, 6-бет.]

Санарип ааламы – виртуалдык мейкиндик – ыкчам кеңейүүдө.

Жер жүзүндөгү 3 млрд. 419 млн. адам интернет кызматын 2016-жылы пайдаланышкан. Бул көрсөткүч 2015-жылга салыштырмалуу 10% көп болгон. Эгерде 1997-жылы интернет-трафигинин көлөмү секундуна 0,3 Гб. болсо, 2002-жылда – секудуна 100 Гб., 2013-жылы – секундуна 28 миң 875 Гб. болгон. Мындай арышта 2018-жылдагы көрсөткүч секундасына 50 миң Гигобайттан ашуусу күтүлөт. [2, с. 52-53]

Ал эми Microsoft компаниясынын болжолунда 2020-жылга дүйнөлүк экономиканын 25% санариптешээрин маалымат баракчасына жарыялаган. Санарип мамлекеттик салык төлөмдөрүн жыйноодо жана салык төлөөчүлөрдүн кирешесинин эсебин жана аларды көзөмөлгө алуу сапатын жогорулатат. Мамлекеттик органдардын бирдиктүү маалымат базасы, бюджеттик чыгымдарды азайтат. Өлкө жарандары санариптешүүнүн негизинде убактысын жана капчык чыгымдарын үнөмдөп, ар кандай мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдаланышып, керектүү тактамаларын тез арада ала алышат.

Великобритания өкмөтүнүн технологиялар боюнча кеңешчиси Лиам Максвеллдин айтмында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ачык- айкындуулугунан Великобритания 4 млрд. фунт үнөмдөгөн. Мындай ийгиликтин сыры, өлкөдөгү санарип кызматына болгон зор ишеним болгон. Великобритания тарабынан атайын киберкоопсуздук борборун иштетүүгө чоң каражат инвестициялаган. Анын негизинде инвесторлор жана жарандар тарабынан өлкөдө коопсуз интернет кызматына ишеним артышкан. “Британия экономикасы бүгүнкү күндө 12% санариптешкен жана экономиканын башка сегменттерине салыштырганда бул компонент эки эсе тездик менен өнүгүп жатат. Бул сектордо эмгектенишкендердин маянасы да эки эсе көп, биз бул сегменттин мындан ары да өсүүсүнө жана салык төлөмдөрүнүн көбөйүшүнө кызыкдарбыз” – деп белгилейт Л. Максвелл. Мурдагы советтик өлкөлөрдүн ичинен санарипке өтүүдө Эстония мамлекети алдынкы сапта. Эстония мамлекетинин тажрыйбасын үлгү катары алган Казахстан, Борбордук Азия мамлекеттеринин ичинен алдыда экени белгиленген. [3]

Кыргыз Республикасы 2016-жылы Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкө катарында “ЕАЭБнын санарип күн тартиби”

аталышындагы маанилүү иш-чаранын үстүндө иш алып баруу чечими кабыл алынды. Бул күн тартипте 2019-жылдан санариптешүү аракеттеринин негизинде 2025-жылга толук кандуу санарип алкагына өтүү маселеси каралды. Маалымат-байланыш технологияларынын өнүгүү индекси (ICT Development Index) — бул дүйнө өлкөлөрүндө маалымат-байланыш технологияларынын жетишкендиктерин

мүнөздөөчү курама (комбинированный) көрсөткүч болуп эсептелинет.

Маалымат-байланыш технологияларынын дүйнөлүк стандартын аныктоочу БУУнун адистештирилген бөлүмчөсү тарабынан. Эл аралык электрбайланыштар кеңешинин(International Telecommunication Union) ыкмасын колдонуп эсептелген Индекс 2007-жылдан бери 11 көрсөткүчтүн негизинде баалоо жүргүзүп келет. Бул бирдиктүү критерий өлкөлөр арасында маалымат-байланыш технологиясынын жетишкендиктерин аймактык, улуттук жана глобалдык деңгээлде салыштырууга негизделген. Изилдөөлөрдүн белгилөөсүндө, өлкө ичинде калктын маалымат технологияларын жеткиликтүү колдонуусу, экономикалык жана социалдык абалынан кабар берет. Бул уюм тарабынан жарыяланган Индекстен, ар бир мамлекет белгиленген убакыт аралыгында өзүнүн динамикасын байкай алат. [4]

Дүйнө өлкөлөрүнүн маалымат-байланыш технологияларынын өнүгүү индекси 2017 International Telecommunication Union: The ICT Development Index 2017

Рейтинг Өлкө Индекс

...

32 Беларусь 7.55

45 Россия 7.07

52 Казахстан 6.79

75 Армения 5.76

109 Кыргызстан 4.37

Маалымат-байланыш технологияларынын өнүгүү Индекси боюнча 176 мамлекетте жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстан 109-орунда. Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөр арасында эң алдыда Белоруссия 32 -орунда, Россия 45 – орунда болсо, Казахстан – 52 жана Армения – 75-орунду ээлеген. Бул көрсөткүч Кыргыз Республикасында санариптештирүү аракетин ыкчамдатуу зарыл экенин көрсөтүп турат.

Санариптик экономика, экономикалык ааламдашуунун жаңы күчү катары көп мүмкүнчүлүктөрдү түзгөнү менен көйгөйлөрдү да жаратаары белгилүү. Эгер дүйнө коомчулугу өнкүккөн жана өнүгүп жаткан өлкөлөр ортосундагы санариптик ажырымдын чоңоюшуна бөгөт коюп, кээ бир өлкөлөрдүн санарип үстөмдүгүнө, маалымат согушуна, компьютердик махинация, сырдык маалыматтарды уурдоо же алмаштыруу сыяктуу ар кандай “пираттык” аракеттерди алдын албаса, кибер коркунучу дүйнөлүк экономиканын туруктуулугуна олуттуу тобокелчилик алып келээри шексиз.

Санариптешүү багытында Кыргыз Республикасы 2015-жылдын август айынан тарта Евразиялык экономикалык Биримдиктин (ЕАЭБ) мүчөсү болуу менен кооперациялык жана эл аралык кызматташтыктын

жаңы форматтарын, анын ичинде космосто ишке ашырууга, Биримдик өлкөлөрүн санарип трансформациялоо жагында биринчи биргелешкен долбоорлорду баштоого, евразия экономикалык мейкиндигинде бардык өндүрүүчүлөр үчүн эркин атаандаштыкты жана барабар укуктарды коргоого мүмкүнчүлүк алды. ЕАЭБ мамлекеттеринин өкүлдөрү тарабынан “Биримдиктин санарип мейкиндигин түзүү” Декларациясы жактырылган. Анда:

- санариптик мейкиндигин өнүктүрүү өндүрүмдүүлүктүн жогорулашына;

- инновациялык жумуш орундарынын жана санариптик активдердин түзүлүшүнө;

- жарандардын, бизнестин жана мамлекеттик башкаруу органдарынын мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейүүсүнө;

- глобалдык рынокторго чыгууну жөнөкөйлөтүүгө жана микро-, чакан жана орто ишканалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга;

- кынтыксыз экономикалык мейкиндикти калыптандырууга;

- Биримдиктин жарандарына мамлекеттик жана мамлекеттиктин үстүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын жакшыруусуна өбөлгө түзөт деген ишеним берилет. [5]

Ошондой эле Евразиялык экономикалык Бирлигинин туруктуу иштөөчү жөнгө салуучу органы болгон Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын жетекчилиги астында “2025-жылга чейин ЕАЭБ санарип күн тартибин” ишке ашырууда, мүчө мамлекеттер артыкчылыктуу багыттар боюнча уюштурулган сынактын жыйынтыгы менен сунуштарын берет.

Интеграциянын зарылчылыгы, анын өз алдынча, башкача айтканда ар бир ЕАЭБга мүчө мамлекеттер өз алдынча санарип долбоорлорун ишке ашырганы менен сөзсүз түрдө Биримдиктин бир бөлүкчөсү катары бааланат. Эртеңки келечегин ойлогон ар бир өлкө, анын ичинде Кыргызстан, Биримдиктин мүчөлөрү менен тең катар санариптик мейкиндиктеги өзүнүн көзкарандысыздыгын сактап калууга, артыкчылыктарды калыптандырууга жана ишканаларга санариптик активдердин стратегиялык энчилеши болууга мүмкүндүк берген чөйрөнү түзүүгө, глобалдык санариптик кооперацияда кошумча наркты генерациялоого, санариптик жаңы рыноктордун жигердүү катышуучулары болууга проактивдүү позицияда болуусу зарыл. Демек, Кыргызстан үчүн ЕАЭБ тууралуу келишимде жазылган кызматташтыктын багыттарын эле эмес, “Санариптик күн тартиби”

сыяктуу жаңы багытта уюштуруучулук менен иш алып баруу шарт.

Санарип толкуну ааламды каптап жаткан учурда, аны токтотуу мүмкүн эмес болгондуктан, колдон келишинче пайдалуу жактарын колдоно билүү керек. Атайын IT-адисттерине өзгөчө көңүл бөлүп даярдоо менен катар, ар бир жарандын компьютердик технологияларды жана “санарип өнөрү” боюнча сабаттуулугу жана аны

күнүмдүк турмуш-тиричиликке туура колдоно билүүсүнө талапка ылайык шарттарды түзүү зарыл. Белгилей турган жагдай, Кыргызстан санариптик жаңы рыноктордун жигердүү катышуучусу болуу менен өлкөдө киберкоопсуздук шарттарын түзүү менен бирге калктын жана инвесторлордун ишеничине кепил боло алмак.

Пайдаланылган адабияттар:

1. https://unctad.org/en/PublicationsLibrary/ier2017_overview_ru.pdf 2. Большой информационный взрыв. Объемы интернет-контента стремительно меняют инфосферу Земли // Русский Репортер. 2017, 13- 17-март.

3. https://expertonline.kz/a15513/.

4. https://gtmarket.ru/ratings/ict-development-index/ict-development- index-info.

5. http://eec.eaeunion.org/ky/nae/news/Pages/27-10-2016-3.aspx.

1.8. Тенденции развития рынка образовательных

Dalam dokumen "Membership in the WTO: (Halaman 167-171)

Garis besar

Dokumen terkait